Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги болбойт.
Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин
жетекчиси Кеңешбай Тайлаков билдирди. Баалардын өсүшү тууралуу айта турган болсок,
литрине 3 сомдон ашык кымбаттабайт. Өз кезегинде экономика министри
Данияр Амангелдиев белгилегендей, учурда мунайдын баасы дүйнө боюнча
төмөндөп жатат. Бул Кыргызстан ташып келип жаткан заводдордо
дагы баалардын арзандашына таасирин тийгизет.