Бишкекте жана Чүй, Талас облустарында электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрү катталды

Бишкекте жана Чүй, Талас облустарында электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрү катталды. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, ар кайсы райондордон 18 арыз келип түштү.

 

Катуу шамалдан кулаган бактар жана чатырлар электр өткөрүү линияларын үзүп кетти. Бул авариялык өчүрүүлөргө алып келди. Учурда 20 бригада оңдоо иштерин жүргүзүүдө.