Кыргызстанда соттордун ишинин сапатына кесиптик баа берген система пайда болушу мүмкүн.
Бул тууралуу президент администрациясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Бийлик сот отурумдарында аудио жана видео жаздыруу систамаларын ишке киргизип, 3 жыл сайын судьяларды аттестациядан өткөрүп, сот органдарынын кызматкерлерине квалификациялык класстарды берүүнү пландап жатат.