Бишкекте жергиликтүү курултай өтүүдө

Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы филармонияда жергиликтүү курултай өтүүдө.

 

Күн тартибинде 7 маселе:

  • курултайдын спикерин тандоо;
  • ар бир райондон катчыларды тандоо;
  • делегаттардын санын бекитүү;
  • курултайдын жобосун бекитүү;
  • Элдик курултайга делегаттарды тандоо;
  • Элдик курултайда көтөрүлө турган орчундуу маселелерди бекитүү;
  • делегаттардын резервин бекитүү.

Жалпысынан Бишкектен 60 делегат жөнөтүү пландалууда.

Эске салсак, Элдик курултай Бишкекте 25-ноябрда өтөт.