Нарын облусунун Ак-Сай жайлоосуна кар жаады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ кечинде жаап баштаган жаан түндө карга айланды.
Учурда анын калыңдыгы 3-5 сантиметрге дейре жетип калды. Мал жайлоодон түшө электигине байланыштуу, мындай аба-ырайы малчыларга кыйынчылыктарды жаратууда.