Ошто дагы бир социалдык дарыкана ачылды.
Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, андан ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар социалдык карта алып, аны менен дары-дармекти 15-25 пайыз арзандатуусу менен ала алат.
Андан тышкары, 15 пайыздык арзандатуулар пенсионерлерге берилсе, башка жарандарга каралган жеңилдик 10 пайызды түзөт. Белгилеп кетсек, бул Ош шаарындагы үчүнчү социалдык дарыкана.