Ушул аптада Кыргызстанда аномалдуу ысык аба ырайынан улам жайкы электр энергиясын керектөө энергосистема иштеген жылдардагы эң жогорку чекке жетти.
Бул тууралуу “Улуттук электр тармагы” ишканасынан билдиришти.
Рекорддук көрсөткүч 27-июлда катталып, 35 миллион 353 миң киловатт-саатты түздү.
Жалпысынан июль айында орточо суткалык керектөө 34 миллион 300 миң киловатт-саат болду.
Өткөн жылдары бул көрсөткүч 32 миллион кВт сааттан ашкан эмес.
Мындан улам, энергетиктер бир убакта бир нече тиричилик техникасын күйгүзбөөгө жана электр энергиясына аяр мамиле кылууга чакырат.