Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө сунушталды

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө сунушталды.

 

Улуттук электр станцияларынан билдиришкендей, күзгү-кышкы жылуулук сезону оор болот. Анткени, өлкөдө энергетиканын жетишсиздиги сакталууда.

 

Ал электр энергиясынын колдонуу көрсөткүчү өскөнүнө жана Нарын дарыясында суунун аз болушуна байланыштуу.

 

Андыктан, жарандарга электр жабдууларын зарылдыгы жок күйгүзбөй, сарамжалдуу колдонуу сунушталат. Мүмкүнчүлүк болсо, үйлөрдү жылытуу үчүн башка булактарды издөө керек.