Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин саммити аяктады

Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыл жыйынтыгын чыгарган саммити аяктады.

Анын соңунда президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасап, жыйында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынганын билдирди.

Белгилеп кетсек, быйыл ЕАЭБге Кыргызстан төрагалык кылды жана эмдиги жылдан тартып төрагалык Россияга өтөт.