Коргоо министрлиги Социалдык фонддун пенсия боюнча сунушун сынга алды

Ал арада Коргоо министрлиги Социалдык фонддун сунушун “мамлекеттин аскер кызматкерлерин колдоо жана сыйлоо саясатына туура келбеген, ойлонуштурулбаган, максатсыз” деп сыпаттады.

Биринчиден, аскер кызматчылары иштебейт, кызмат өтөйт.

Экинчиден, пенсияга чыгуу мөөнөтү аскер кызматчысынын каалоосу менен эмес, тиешелүү ченемдик-укуктук актылары менен аныкталган.

Үчүнчүдөн, соцфонддун кызматкерлери Россия жана Казакстандын аскер кызматчыларынын пенсиясын эсептөө боюнча берген маалыматы объективдүү эмес жана бир жактуу маалыматтарды таратуу менен республиканын калкын адаштырып жатышат, — деп айтылат маалыматта.