Кожошев ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри кызматына киришти

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразиялык экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри кызматына киришти.

Комиссиянын басма сөз кызматы билдиргендей, анын компетенциясына ЕАЭБде энергетика жана инфраструктураны өнүктүрүү кирет.

Белгилеп кетсек, Кожошев бул кызматты дээрлик бир жыл аркалаган Темирбек Асанбековдун ордуна келди.

Ал эми өкмөттүн биринчи орун басарлыгына июнь айында Адылбек Касымалиев дайындалган.