Жогорку Кеңеште сегиз тармактык комитет түзүү, вице-спикерлердин санын үчкө жеткирүү тууралуу жумушчу топтун сунушу колдоо тапты.
Эми бул маселе парламенттин түштөн кийинки жыйынында каралып, добушка коюлат.
Белгилеп кетсек, буга чейинки чакырылышта эки вице-спикер жана жети тармактык комитет болгон.