Бишкекте жол инспекторлору эми айдоочуларды көчөдө жезл менен токтотпойт

Бишкекте жол инспекторлору эми айдоочуларды көчөдө жезл менен токтотпойт. Бул тууралуу бизге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма-сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

 

Анын айтымында, бул коррупцияны алдын алууга багытталган иш-чаралардын бири. Жол инспекторлору тартип бузган унааны рация менен гана токтотуп, протокол түзө алат. Ал эми жезл жол кыймылын жөнгө салууда гана колдонулат.