Жаңы жылдык тирүү балатыны канчага сатып алса болорун агрономдор айтып берди. “Бишкек жашыл чарба” ишканасынан билдиришкендей, баалар акыркы 3 жылдан бери дээрлик өзгөргөн жок.
Маселен, 1 метрден бийик эмес Тянь-Шань балатысын 1 миң 200 сомдон, 2 метрге чейин 3 миң сомго сатып алса болот. Короого отургузууга ылайыкталган жыш түктүү Көгүш карагай кымбатыраак айланат – 1 метрге чейин 6 миң, андан бийиги 8 миң сомдон баштап.