Ордо калаада Балдарды коргоо күнүнө карата 1 миллион 690 миң сом бөлүндү

Ордо калаада Балдарды коргоо күнүнө карата 1 миллион 690 миң сом бөлүндү.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, 3 миң 112 бөбөккө 1 жолку жөлөк пул төлөнөт. Акча почта бөлүмдөрү аркылуу жиберилет. Буга чейин белгилүү болгондой, президент Сооронбай Жээнбеков балдар менен иштеген 10 уюмга 100 миң сом бөлүп берди.