Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсү убактылуу жабылат

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсү убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, анын Горький – Кулатов тилкесинде оңдоо иштери башталды. Калыбына келтирүүдөн кийин анын кеңдиги 9 метрге жетет.

 

Андан тышкары, ирригациялык тармак өткөрүлүп, тротуарлар салынат. Иштер ушул жылдын сентябрына чейин аяктайт. Айдоочуларга альтернативалык каттам катары 7-апрель жана Абдрахманов көчөлөрү сунушталат.