Бишкектин жана Чүй, Талас облустарынын айрым аймактары калың жааган кардан улам жарыксыз калды

Бишкектин жана Чүй, Талас облустарынын айрым аймактары калың жааган кардан улам жарыксыз калды. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, учурга карата 30дан ашык бригада электр жабдууларындагы аварияларды жөнгө салууда.

 

Жарандарды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында компаниянын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.