Бишкектеги Чүй – Кулиев көчөлөр кесилишиндеги соода борборундагы
эмдөө түйүнү көчүрүлдү. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан эскертишти.
Эми жарандар вакцина алуу үчүн Жаш Гвардия бульвары, №4 дарегинде
жайгашкан Калкты каттоо борборуна кайрылса болот.
Бул үчүн жанында паспорту болушу зарыл.