Жаңы окуу жылында 156 миңден ашык бала 1-класска барат.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Жалал-Абадда
30 миң 260 бала мектеп босогосун аттайт. Бул, өлкө боюнча эң чоң көрсөткүч.
Андан кийин Ош облусу – 28 миң 943 бала жана Чүй облусу – 24 миң 669
бөбөк менен жайгашат. Ведомстводон белгилешкендей, республиканын
11 шаарында биринчи класска кабыл алуу электрондук каттоо менен
кабыл алынууда. Кошумчаласак, өлкө боюнча 2 миңден ашык мектеп бар.