Ордо калаада электр энергиясына карызы бар 3 миң 700 керектөөчүнүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт.
“Түндүк электрден” эскертишкендей, 27-октябрь, эртеңден тартып дебитордук бересеси бар жарандар
жарыксыз калат. Алардын карызынын жалпы көлөмү 5 миллион 700 миң сомдон ашты. Белгилеп кетсек,
электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү терминал, электрондук капчык, банк кассалары жана
почта бөлүмдөрүнөн жүргүзсө болот.