Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги узундугу 141 чакырымдан ашык
Балыкчы – Барскоон унаа жолун калыбына келтирүү иштери башталды.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, алгачкы этапта
трассанын 0дөн 25-чакырымына чейинки тилкени калыбына келтирүү
пландалууда. Ошондой эле ортосун бөлүп турган тосмо орнотулган
4 тилкелүү жол салынат. Белгилеп кетсек, аталган тилкеде
50 жылдан бери оңдоо иштери жүргөн эмес.