Бишкектеги кафелердин жана соода түйүндөрүнүн иш убактысына чектөө киргизүү каралууда.
Бул тууралуу ордо калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында,
шаар бийлиги коомдук тамактануу жайларын жана соода түйүндөрүн түнкү саат 10дон тартып
чектөөгө алууну пландап жатат. Көрүлгөн чаралар дезинфекциялоо иштерине байланыштуу.