Жалал-Абад шаарында санитардык талаптарга жооп бербеген тамактануу жайлары
кайрадан жабылууда. Мэриядан билдиришкендей, шаарда кафе жана тамактануучу
жайлар тарабынан санитардык талаптарды аткаруусу боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгында эрежеге баш ийбеген 6 кафе жабылды