Ошто санитардык талаптарды аткарбаган жактарга 3 миллион 350 миң сом айып салынды

Ошто санитардык талаптарды аткарбаган жактарга 3 миллион 350 миң сом айып салынды.

Облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл станциясынан билдиришкендей,

эрежеге баш ийбеген 231 объектинин иши токтотулду. Алардын 27синин иши милицияга өткөрүлүп берилди.

Алардын катарында, тамактануу түйүндөрү, сулуулук салондору жана коомдук унаалар бар.

Учурда түшүндүрүү жана эскертүү иштери уланууда.