Бишкектеги калкты тейлөө борборлоруна кошумча видеокамералар орнотулат

Бишкектеги калкты тейлөө борборлоруна 30-сентябрга чейин кошумча видеокамералар орнотулат.

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Имановдун айтымында, техника кызматкерлердин ишин көзөмөлдөөгө жардам берет.

Чиновник белгилегендей, кээде борборлордун кызматкерлери негизсиз документтерди талап кылышат же айрым иштерде компетентсиз болуп калышат.

Мунун баары мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин кечеңдетүүдө.