Саламаттыкты сактоо министрлиги курч респиратордук вирустар жана пневмония менен кайрылган балдарды кабыл алуу үчүн кошумча орундарды түзөт

Саламаттыкты сактоо министрлиги курч респиратордук вирустар жана пневмония менен кайрылган балдарды кабыл алуу үчүн кошумча орундарды түзөт.

 

Алар Республикалык диагностикалык борбордун базасында уюштурулат.

 

Мындай чара Шаардык балдар клиникалык ооруканасын жана Эне-баланы коргоо улуттук борборун бир ар бошотуу максатында кабыл алынууда. Андан тышкары, эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган учурда ордо калаанын үй-бүлөлүк медициналык борборлору дем алыш күндөрү дагы иштейт.