Кытай Кыргызстанга техника берет

Кытай Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын, ошондой эле көчмө оорукана берет.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, келишимдерге Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлду.

Жабдуулар Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен берилет.

Ошондой эле Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар боюнча протоколго кол коюлду.