Эми эттин сапатын жана сактоо шарттарын QR код аркылуу текшерүүгө болот

Ветеринардык кызмат витринадагы QR кодду сканерлеп, этти сатып алардан мурун анын сапатын жана жарактуулук мөөнөтүн текшерүүгө мүмкүндүк берген идентификациялык системаны ишке киргизди.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

QR код же документтердин электрондук жүгүртүүсү деп аталган система эт азыктары менен болгон операциялардын бардык чынжырчасын, малды союудан тартып эт кассасына түшүрүүгө чейин жазып алат.

Муну менен малдын жашын, кайдан алып келгенин, качан союлганын, эт бардык ветеринардык-санитардык нормаларга жооп береби же жокпу билип алса болот.