Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн Некрасов көчөсү менен кесилишкен бөлүгү убактылуу жабылды.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган бөлүктө канализациялык коллекторлорду төшөө жүргүлөт.

Ишти эртең жыйынтыктоо пландалууда.

Айдоочулар каттамды алдын ала пландап алуусу зарыл.