Кыргызстандыктардан COVID-19 жоктугун тастыктаган маалымкатты талап кылуу аша чапкандык

Кыргызстандыктардан COVID-19 жоктугун тастыктаган маалымкатты талап кылуу аша чапкандык. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

 

Анын айтымында, санитардык-карантиндик посттордо күчөтүлгөн көзөмөл калышы керек, бирок маалымкат талап кылууну жоюу зарыл. Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл обладминистрациясы аймакка киргендер анализдин жыйынтыгын көрсөтүшү керек деген талап киргизген.