«Манас» аэропорту Сиандан учуп келген жаңы каттамды салтанаттуу тосуп алды

«Манас» эл аралык аэропорту бүгүн, 27-мартта Сиань-Бишкек-Сиань багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамды салтанаттуу түрдө тосуп алды.

Аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, салт боюнча учакты суу аркасы менен тосуп алышты.

Учуулар кытай авиакомпаниясынын учагы аркылуу жумасына 2 жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү ишке ашырылат.

Учуу убактысы болжол менен 4 саат 30 мүнөттү түзөт.