Бишкектеги Орто-Сай базарында мыйзамсыз объекттер алынууда

Бишкектеги Орто-Сай базарында мыйзамсыз орнотулган объекттер алынууда.

Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жеринде мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы, «Тазалык» муниципалдык ишканасы, Октябрь райондук милициясынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иш алып барууда.

«Иштин жүрүшүндө аталган базарда жалпысынан 16 темир чатыр, 115 башаламан соода жайы, 97 жарнактык конструкция, 2 күркө жана 20 мертди түзгөн темир тосмо алынды», — деп белгилешти мэриядан.