Кыргызстандагы бардык унаа жолдор каттам үчүн ачык. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ашууларда кар жаап жатат бирок жолдор тазаланып, инерттүү материалдар себилүүдө.
Маалыматка ылайык, Төө-Ашууда калыңдыгы 10 сантиметр кар жааса, Ала-Бел жана Көк-Белде кар 15 сантиметрге жетти.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда, тактап айтканда, Боом капчыгайында, Долон жана Кызыл-Бел ашууларында да жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Учурда унаалардын кыймылына эч кандай чектөө киргизилген жок.
Бирок айдоочулар ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы зарыл.