Калифорнияда робот-таксилер сыноодон өттү.
«Амазонго» таандык техникада жүргүнчүнүн ролун компаниянын кызматкерлери аткарышты.
Алар дээрлик 1,5 чакырым аралык жүрүштү.
Робот-таксилерде руль же педаль жок.
Өз алдынча башкарылган унаа төрт кишиге чакталган жана кызматкерлерди бир кеңседен башка офиске акысыз ташыйт.