Бишкекте айдоочулар 1 жума бою катуу көзөмөлгө алынат.
Милициянын кайгуул кызматынан novosti.kgге билдиришкендей,
алдыңкы күндөрдө жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.
Ал эми өткөн жумадагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ордо калаада
2 миң 200 эреже бузуу катталды. 16-марттан 22сине чейин, 7 күндүн
аралыгында 400 унаа айып короосуна токтотулса, 200дөн ашыгы
эвакуацияланды. Кошумчаласак, Кыргызстанда укук коргоо органдары
иштин күчөтүлгөн тартибине өттү. Учурда 6,5 миң кызматкер
коопсуздукту камсыздап жатышат.