Бишкектеги Жеңиш паркынан табылган 15 баш жылкы «кармоого» алынды

Милиция кызматкерлери «Шаардык сейил бактар» муниципалдык ишканасы менен биргеликте

Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынан табылган 15 баш жылкыны «кармоого» алышкан.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын баса сөз кызматы билдирет.
Азыр жылкылар «Шаардык сейил бактар» ишканасынын сарайында багылууда.

Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери жашыл аянттарга зыян келтирүү боюнча акт түзүү үчүн жылкылардын ээслеринин келишин күтүп жатат. Алдыда актынын негизинде мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлөт.