“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу уланууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, учурда аткаруучу компания уруксаат берүүчү документтерди алуу иштерин жүргүзүүдө.
Камераларды орнотууга зарыл мамылар өлкөгө жеткирили. Калган жабдуулар 15-июнга чейин келет. Долбоордун экинчи этабынын аяктоо мөөнөтү азырынча белгисиз.
Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы республиканы толугу менен камтыйт. Камераларды кытайлык компания орнотот.