Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт

Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-февралдан тарта «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда.

 

«Манас» аэропортунан Россиянын «Внуково» аэропортуна учуулар жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарыла башташы күтүлүүдө.

«Москва шаары «Аэро Номад Эйрлайнс» ата мекендик авиакомпаниясы үчүн жаңы багыт болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.

 

Белгилей кетсек, учурда Россиянын борборуна Avia Trafic Company, «Аэрофлот» жана «Уральские Авиалинии» авиакомпаниялары каттамдарды аткарып келет. Азырынча каттамдардын саны 38ди түзөт.