Баткен облусунун 44 айылында таза суу системасы курулат

Баткен облусунун 44 айылында таза суу системасы курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин суу системасын өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Достукбек Ободоев билдирди. Анын айтымында, айылдар Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда жайгашкан.

 

Долбоор Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд фонду тарабынан каржыланат. Учурда сметалык документтер даярдалууда.