Кыргызстанда доллардын курсу көтөрүлгөн шартта бензиндин баасы дагы кымбатташы мүмкүн.
Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын директору Канат Эшатовго билдирди.
Анын айтымында, доллардын наркы 1 сомго өскөн учурда, күйүүчү майдын баасы 60 тыйынга
жогорулайт. Бардык компаниялардын келишимдери доллар менен болгондуктан, америкалык
валютанын кымбатташы бааларга таасирин тийгизет, — деп белгиледи Эшатов. Учурда ордо
калаадагы коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу жайлары долларды
93 сомдон сатып алып, кайра 96 сомдон сатышууда.