Бишкектиктердин электр энергиясы үчүн карызы 12 миллион сомдон ашты

Бишкектиктердин электр энергиясы үчүн карызы 12 миллион сомдон ашты.

“Түндүк электрден” эскертишкендей, 2,5 миңге жакын керектөөчүнүн жарыгы

аралыктан өчүрүлөт. Андан улам электр энергиясына болгон карызды өз

маалынан кечикпей төлөө сунушталат. Береселерди почта бөлүмдөрүнөн,

электрондук капчык же терминал аркылуу төлөсө болот. Карыздар тууралуу

маалымат 1209 номери аркылуу же компаниянын сайтындагы

“Абонеттин балансы” бөлүмүндө жеткиликтүү.