Кыргызстанда аномалдуу ысык аба-ырайы жума күнгө чейин созулат.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эс алуу күндөрү аба табы 1-2 градуска төмөндөп, +35 градусту көрсөтөт.
Ал эми 7-8-июнь эң аптаптуу болот деп күтүлүүдө. Бул күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 41 градус, Таласта 39 градус ысык болот. Жарандарга зарылчылык жок болсо, сыртка чыгуудан баш тартуу, ачык түстөгү кийимдерди кийип жүрүү жана таза суудан көбүрөөк ичүү сунушталат.