Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Спорт сарай курулду.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, объектинин курулуш иштери 2009-жылы башталып,
процесс учурунда токтоп, кийин кайра жанданган. Ал эми проектини ишке ашырууга
жалпысынан 63 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Белгилеп кетсек,
Ноокен районунда алгачкы ирет спорт сайрай ачылды.