Улуттук банктын интервенциясына карабай, доллар кымбаттап жатат

Улуттук банктын интервенциясына карабай, доллар кымбаттап жатат. Бүгүнкү күндө анын куну 80 сомго жетти. Ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары, америкалык валютаны 79 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра  79 сом 80 тыйынга сатышууда.

 

Мунун менен 1 күндө доллар 20 тыйынга кымбаттады. Эске салсак, 23-сентябрда валюта серпилүүсүн токтотуу максатында Улуттук банк интервенция өткөрүп, 11 миллион доллар саткан.