Бишкектин 11-кичи районундагы гараждардын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда

Бишкектин 11-кичи районундагы гараждардын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда. Бул тууралуу ордо калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

 

Анын айтымында, аянт тургундардын кызыкчылыгында бошотулуп, жериндеги тыгындарды алдын алууга шарт түзүлөт. Мэриядан эске салышкандай, 2017-жылы соттун чечими менен объектилердин ээлерине эскертүү берилген.

 

Алар бир жыл мурун эле гараждарын өздөрү бузмак, бирок бузушкан эмес. Андыктан, муниципалитет аларды түрттүрүүө аргасыз болду.