Кыргызстан интернет эркиндиги жарым-жартылай болгон өлкөлөрдүн катарына кирет

Кыргызстан интернет эркиндиги жарым-жартылай болгон өлкөлөрдүн катарына кирет. “Freedom House” уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө 10 жыл катары менен интернет эркиндигинин көрсөткүчү төмөндөп баратканы байкалган.

 

Башкаларга салыштырмалуу интернет эркиндигинин деңгээли боюнча алдыңкы бештикке Исландия, Эстония, Канада, Германия жана Англия кирет.

 

“Интернет эркиндиги жок” деп аталган мамлекеттердин катарына Россия баш болгон беш постсоветтик өлкө кирди. Тизменин аягында Сирия, Иран жана Кытай турат.