Эл каттоонун операторлорун жарандар QR-код аркылуу текшере алат

Эл каттоонун операторлорун жарандар QR-код аркылуу текшере алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, ар бир каттоочуда күбөлүк бар.

 

Анда атайын мөөр басылып, qr-код  белгиленген. Белгилеп кетсек, учурда Кыргызстанда өтүп жаткан эл каттоо процессине 28 миң адам ишке тартылды. Өнөктүк 3-апрелде жыйынтыкталып, алыскы райондордо башталат.