Маматалиев Кадр кызматынын директорлугунан бошотулду

Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугунан бошотулду. Буга байланыштуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

 

2021-жылдын октябрь айында келген Министрлер кабинети өкмөттүн түзүмүн кайра өзгөрткөн. Анда Мамлекеттик кадр кызматы жоюлуп, анын ордуна Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик түзүлгөн. Президент Садыр Жапаров 15-ноябрда кол койгон тескемеге ылайык, агенттиктин жетекчиси болуп Элчибек Жантаев дайындалды.

 

Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп 2020-жылдын октябрь айында ошол кездеги өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен дайындалган.

 

Абдырахман Маматалиев буга чейин транспорт министринин орун басары, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, вице-премьер-министр болгон.

Элчибек Жантаев 2021-жылдын май айынан бери Айыл, суу жана токой чарба министрлигинин алдындагы Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеп келаткан. Түп районунун акими, кийин өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген Жантаев 2020-жылдын ноябрь айында өкмөттүн облустагы өкүлү болуп иштеген.