Бишкектин 23 көчөсүндө оңдоо иштери уланууда.
Мэриядан билдиришкендей, жалпы узундугу 15 чакырым болгон
9 көчөдө 2 катмарлуу асфальт-бетон төшөлүүдө. Андан тышкары,
Новая, Түгөлбай-Ата, Стадионная жана Карасаев тилкелеринде
иштер аяктады, учурда тротуар түшүрүлуп жатат.
Иштерди капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.