Бишкекте Ажыбек баатыр көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт

Бишкекте Ажыбек баатыр көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт.

24 агенттигине мэриядан билдиришкендей, иштер апрелде башталат.

Көчөнүн Жунусалиевден Манас проспектисине чейинки бөлүгү калыбына келтирилет.

Жумуштар “Жол тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлөт.

Оңдоло турган жолдун жалпы узундугу 400 метр.